Кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. 2020-жылдын 25-августунда 82 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү диктор Зарыл Мамбеталиева катуу оорудан соң дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Зарыл Мамбеталиева 1938-жылы 25-декабрда Нарын обулусунун Кочкор районунун Теңдик айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ата- энесинен эрте ажыраган Зарыл Мамбеталиева Сатар Абылкасымов деген тууганынын колунда тарбияланып, Ош облусунун Кара- Суу районундагы орто мектептен билим алган. 1952-жылы Жалал-Абад облусундагы А.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайына кирип, 1957-жылы башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болгон.

Эмгек жолун Ош облусунун Араван районунда башталгыч мектепте мугалим болуп иштеп баштаган. Туубаса таланты, шык дарамети менен конкурска катышып, 1961- жылы Кыргыз радиосуна дикторлук кесипке кабыл алынган. Ошол жылдан 1997- жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик телерадио комитетинде диктор, жогорку категориядагы диктору болуп иштеп, 36 жыл эфир толкунунда үнү өчкөн эмес. Бул мезгил аралыгында алгач акыркы кабарлар, эл аралык жаңылыктар, докладдарды түз эфирде окуп, кийин адабий-музыкалуу “Кутмандуу болсун күнүңөр”, “Ыр канатында”, “Бейпил түн” адабий, музыкалык берүүлөрдү , радио постановка, бир катар теле жана радио композиция жана “Түркүн тагдырлар” теле берүүсүн алып барган.

Кайталангыс арген үнү менен радио диктор катары аты атпай журтка таанылган Зарыл Мамбеталиева Кыргыз радиосунда көркөм окуунун негиз салуучуларынын бири болгон. “Кыргыз радиосунун” алтын казынасына кабыл алынган Чынгыз Айтматовдун “Жамийла”, “Биринчи мугалими” , Мар Бажиевдин “Төрт адам”, Мухтар Ауэзовдун “Көк серек”, Сүйүнбай Эралиевдин “Жаңыл Мырзанын керээзи”, Омор Султановдун “Чарчоонун жүзүнчү ыры” сыяктуу бир катар чыгармалар сакталып, ушул кезге чейин радионун казынасындагы классикалык чыгарма катары эфирге үзгүлтүксүз берилип келет. Зарыл Мамбеталиева көөнөргүс чыгармаларды ийнине жеткире окуу менен катар, бир актердун театры катары образ түзүү жагынан чоң чеберчиликке ээ эле. Ал тургай “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесинде, эпостун “Каныкейдин Тайторуну чапканы”, “Каныкейдин жомогу” бөлүктөрүн эл суктангыдай бийик чеберчиликте көркөм окуган.

1981-жылы Зарыл Мамбеталиевага көп жылдык үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамы берилип, 1997-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Мамбеталиева Зарыл иштерман адис, мыкты устат, жарандык позициясы бекем, билими терең, адамдык парасаты бийик, көп кырдуу инсан болчу. Кыргыз маданиятын, журналистикасын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири Зарыл Мамбеталиеванын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.К.Жаманкулов, К.Б.Базарбаев, Ж.У.Саралаева, Н.А.Мансурова, Ч.Эсенгул уулу, К.О.Иманалиев, Ж.Үсөн уулу, А.Ы.Мусаев, Ж.И. Уракунова Б. Жакиев, М.Т. Байжиев, Ө. Даникеев, О. Султанов, Ж. Сейдакматова, Э.Бекболиев, Т.А.Абдразаева, Т.К. Джаманбаева, Б.М.Мамбетакунов, Г.С.Базаров, А.А.Алдашева, Б.К.Мамытов, Г.А.Молдоева, Б.Акматов, Ш.Н.Нурматова, А.Чикеев, А.К.Кадырова, Т.Орокчиев, Б.Ж.Сутенова, Б.Ж.Жайчиева, С.Сапарбеков, Ш. Абдырахман уулу, Б.Ж.Алиев