Кадимки канкор Бакиевдердин “эрке баласы” Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоонун шааниси менен мааниси башталганча эле ыдырап жок болмой болду. Башында жалаң “чалдардан” команда түзүп “балдар” менен күч сынашмак болгон партиянын биримдигине ким “балта чабууда”?

Көрсө, амбициясы башынан ашкан Кимсанбай аксакалдын уулу “өзүн-өзү билип өтүгүн төргө илген” жоругунан кийин, партияга кошулган атуу-баштуулар “тойдум байдын кызына” дешип биринин арынан бир кол шилтеп басып кетип жаткан тура.

Мадумаров ар дайым эл алдына чыкканда, абийир, адамгерчилик, принцип, жигитчилик, кудайдан коркуу, тазалык, чынчылдык — деген сөздөрдү оозунан түшүрбөй, байма-бай кайталап келет. Иш жүзүндө болсо, жогоруда аталган адамдык сапаттардын эң ириде өзү куру жалак калганын кашкайта далилдеди.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Темир Сариев, Шарабидин Токтосунов, Мурадыл Мадеминов, Абдыманап Кутушевдин чыгып кеткени коомчулукка белгилүү болгон.

Жогоруда аталган саясатчылар, “аялдардай ажаан Мадумаровго теңелбейли”- деген таризде “ун катпай” эле жолуна түшсө, “Эрк” партиясынын төрагасы, экс депутат Турсунбай Бакир уулу чындык үчүн “акыр аягына чейин барам”- деп билек түрүнүп турган кези.

Көрсө, Турсунбай Бакир уулу 19 — августта өткөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жыйынында тизмеде алдынкы он талапкердин бири катары жайгаштырылган экен.
Кийин, Мадумаров өзүм билемдик менен ажыкенин өзү менен акылдашпай эле тизмеден 22чи катарга жылдырып салган. Себебин сураганда: “Турсунбай аке, азыр баарын акча чечет. 200 миң доллардан акча бергендер алдыга чыкты” – деп “куу чөп менен оозун” аарчып “алакан жайган экен”.

Турсунбай Бакир уулу менен кошо “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулган “Эрк” партиясынын адамдары да тизмеден артка сүрүлүп, алардын ордун Курсан Асановго окшогон кылмыш иштери али аягына чыга элек күмөндүү адамдар баскан.

Ошентип ар дайым мыйзамдуулук жөнүндө сүйлөгөн Мадумаров, өзү мыйзамды одоно бузуп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын кеңешмесинде бекитилген тизмени каалагандай калчап мыйзамды бузган. Анысы аз келгенсип өзү “сатылбагыла” – деп сайраганы менен партиясынын тизмесиндеги орундарды кадимкидей эле 200 миң доллардан пулдап жатканын Бакир уулу айтып чыкты. Мадумаровдун бул кылыгы “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” – деген лакапты эске салат. Убагында Каркыраны казактарга сатып жиберген Адахан эми партиясынын тизмесинен орун сатып саясий “соодагерчилик” менен алек.

Булак: Жебе.кг