Күздө өтө турган парламенттик шайлоого депутаттыка «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан аттанып жаткан ырчы Урмат Усенов көпчүлүк талкуудан кийин талапкерлигин алып, шайлоого катышпай турганын жар салды.

«Шайлоого сунуштар былтыр күз айында эле башталган. Замандаштарым менен чогуу катышып көрсөмбү деген ойдо талапкерлигимди койгом. Бирок иш жүзүнө ашпай калды. Анын жөндүү себептери бат. Мени колдоп жана сын айткан бардык күйөрмандарына терең ыраазычылымды билдирем. Мен шайлоого катышпайм жана партиядан дагы чыгып кеттим»-деди Урмат Усенов.

Мурдараак маалым болгондой, Урмат Усенов депутаттыка талапкерлигин койгондон бери эл арасында сын күч алган эле.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1391977284328680&id=100005492645740
https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1391977284328680&id=100005492645740