«Манас» Эл аралык аэропортунда 26-августта Россиядан үч каттамды тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Екатеринбургдан «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын каттамы менен 164 кыргызстандык Мекенине кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Кийинки каттам «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча. Кыргызстанга 136 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

«Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын каттамы Новосибирск–Бишкек багыты боюнча учуп келди, аны менен Россиядан 121 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Ошондой эле, «Ош» Эл аралык аэропорту «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Россиядан Кыргызстанга 243 КР жараны кайтып келип, анын ичинде 26 жаш бала бар.

Бул каттамдар КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.