Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов 25-август күнү жүрөк оорусунан улам каза болгону маалымдалган эле. Эжеси Сайкал Садыбакасова иниси тууралуу буларды айткан эле.

“Иним Бишкектеги үйдөн жүрөгүм ооруп жатат деп калды. “Тез жардам” кызматын чакыртып, ооруканага алып бардык. Көп өтпөй эле көз жумду. Жүрөгү кичине ооручу окшойт. Бирок астма оорусу менен жабыркап келген. Эркин 19 жашта эле, Эл аралык мамилелер академиясында окучу”, – деди ал.

Эркинди бармактай бала кезинен карап, өз уулундай тарбия берген «Кыз Бурак» тобунун мурунку солисти, ырчы Кенже Дүйшеева дагы эскерди. «Эко, Экотай, Экош!…Эмнеге шаштың?
Тынч укта, балапан. Жараткан өз мээримине алып, асырасын. Жакындарына кайгыруу менен көңүл айтам»,-деп билдирүү калтырды.