Коронавирустун үчүнчү толкуну болушу күтүлөт, жай турмушка кийинки жылдын орто ченинде гана кайтуу мүмкүн. Бул тууралуу  Россиянын Илимдер академиясынын академиги, профессор Михаил Пальцев «Парламентская газета» басылмасына берген маегинде билдирди.

«COVID-19 жайында азайып калганы менен күздө экинчи толкуну болот деп жатабыз. Демек, келерки жазда дагы болушу толук ыктымал. Тагыраагы, жаз, күз жана кайра жаз болуп үч толкун менен келет деп ойлойм», — деди Пальцев.

Буга чейинки вирустук пандемиялардын бардыгы үч толкун менен өткөн. Болгондо дагы экинчиси биринчисинен күчтүүрөөк болот. Үчүнчүсү калган экөөнөн алда канча алсыз. Муну окумуштуулар калктын 60 пайыздан ашыгы вирус жуктуруп, сакайгандан кийин жамааттык иммунитеттин пайда болушу менен түшүндүрөт.