Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-августта, коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коронавирустук инфекция (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:

“Даңк” медалы менен:

Джаманов Султан Ырысбекович – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын начальниги, медицина кызматынын капитаны;

Исаев Сапарбек Уркасымович – Ысык-Көл облусунун Түп районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун “Арал” үй-бүлөлүк врачтар тобунун клиникалык жетекчиси;

Мазаитов Замирбек Нарзиевич – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын № 13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, старшина;

Ниязбеков Суюнбек Ниязбекович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги;

Полотов Баатыр – Ош облусунун Кара-Суу районунун Октябрь айылынын старостасы;

Сиротина Ольга Геннадьевна – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын терапевт-врачы;

Токторалиев Жоомарт Казакбаевич – Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын начальниги, медицина кызматынын подполковниги;

Торогелдиева Жылдызкан Калдаровна – Ош шаарынын медициналык тез жардам станциясынын врачы;

Чарабаева Дамира Алтынбековна – Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 7 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы врачы;

ыйгарылсын “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” деген ардак наам:

Абдылдаева Айнура Барыктабасовнага – Бишкек шаарынын Свердлов районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басарына;

Джапарова Динара Дюшекеевнага – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жалпы врачтык практикалоо борборунун терапевттик бөлүмүнүн башчысына;

Долотова Токтобубу Джоломановнага – Бишкек шаарынын № 6 клиникалык ооруканасынын пульмонология бөлүмүнүн башчысына;

Ибраева Сырга Карыпбековнага – Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык клиникалык ооруканасынын терапевттик жана неврологиялык бөлүмүнүн башчысына;

Курманбеков Болотбек Каныбековичке – Талас облусунун Манас районунун жалпы врачтык практикалоо борборунун анестезиолог-реаниматолог врачына;

Кутманова Айнура Зарылбековнага – Эл аралык жогорку медициналык мектебинин жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысына;

Мааданбекова Гүлжан Билаловнага – Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун № 4 үй-бүлөлүк врачтар тобунун клиникалык жетекчисине;

Маасаидова Акылай Юлдошовнага – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн башчысына;

Марковская Лена Владимировнага – Чүй облусунун Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Мундусбаева Тамара Смагуловнага – Чүй облусунун Панфилов районунун жалпы врачтык практикалоо борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Пахман Валентина Григорьевнага – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык патологоанатомиялык бюросунун начальнигине;

Раева Катча Акимовнага – Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймактык ооруканасынын инфекционист-врачына;

Сагымбаева Суусар Акимовнага – Ош шаарынын № 1 үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун энени жана баланы коргоо боюнча орун басарына;

Сатыбекова Саламат Султанкуловнага – Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысына;

Сооронбаев Талантбек Маратбековичке – Академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун интенсивдик терапия блогу менен пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн башчысына;

Тилешова Таалайбү Дайыровнага – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жалпы врачтык практикалоо борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;

Узакбаева Айнура Зарылбековнага – Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачынын орун басарына;

Хохлова Ирина Андреевнага – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басарына;

Чолпонбаева Гулзуура Назаркуловнага – Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймактык ооруканасынын директоруна;

Чынгышова Жамиля Амановнага – И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын анестезиология жана реанимация кафедрасынын башчысына;

Шакеева Анара Мукашевнага – Бишкек шаарынын Свердлов районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 8 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы врачына;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Абдуманов Пулат Асанович – Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынын жалпы врачтык практикалоо борборунун директору;

Абдыкадырова Алимахан Зикирияевна – Ош облусунун Алай районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн медициналык айымы;

Абдылдаев Болотбек Джаныбекович – Бишкек шаарынын тез медицина борборунун директорунун оперативдик иш боюнча орун басары;

Абыкеев Эсентур Түгөлбаевич – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо 24” телеканалынын биринчи категориядагы телеоператор-монтажеру;

Азимова Айганыш Тентигеновна – Академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун клиникалык ординатору;

Акматов Нургазы Иматиллаевич – Ош шаарынын мэриясынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Алиев Мусабай Жумашович – Бишкек шаарынын № 1 клиникалык ооруканасынын № 1 хирургия бөлүмүнүн хирург-врачы;

Амирова Гулайим Туратовна – Ош облустук патологоанатомиялык бюросунун гистолог-лаборанты;

Асанов Жоомартбек Адыбекович – Баткен облусунун Баткен шаарынын мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун башкы адиси;

Асанов Улукбек Намазбекович – Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттык сактоо секторунун башчысы;

Аширова Гулзат Алимжановна – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы;

Баиева Канышай Кочкоровна – Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун № 5 үй-бүлөлүк врачтар тобунун клиникалык жетекчиси;

Байбосунова Бактыгүл Акимкановна – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;

Бакиров Жолдошбек Усеевич – Бишкек шаарынын Октябрь районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 19 үй-бүлөлүк медицина борборунун уролог-врачы;

Бакирова Мырзаим Жаныбековна – Бишкек шаарынын темир-жол ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн кардиолог-врачы;

Балбаев Бекжан Таштанбекович – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатору;

Бейшекеев Алтынбек Алмамбетович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын полкунун 3-ротасынын 2-взводунун кенже инспектору, милициянын прапорщиги;

Бекбердиев Нурисбек Мадалбекович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун № 3 батальонунун (Ош ш.) өзүнчө ротасынын (Жалал-Абад ш.) милиционери, милициянын старшинасы;

Бекбоев Данияр Тимурович – Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин үчүнчү катчысы;

Бектуров Майрамбек Насыпбекович – Бишкек шаарынын “Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын айдоочусу;

Бектурова Нуржан Кумарбековна – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары;

Давлесов Нурбек Давлесович – С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун проктология курсу менен жүрөк-кан тамыр хирургия курсунун ассистенти;

Дубанбеков Аманбек Дубанбекович – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын № 702 аскер бөлүгүнүн ыкчам багыттагы батальонунун 1-ротасынын 2-взводунун 2-бөлүмчөсүнүн командири, сержант;

Жолдошев Сапарбек Абдумуталипович – Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын хирург-врачы;

Жолдошов Токтобек Жолдошович – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын № 1 техникалык камсыздоо отрядынын техникалык бөлүгүнүн офицери, катардагы жоокер;

Жумабекова Нургул Жумабековна – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо 24” телеканалынын баяндамачысы;

Ибраев Акылбек Омукеевич – Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, полковник;

Иманкулов Жаныбек Калматович – Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы;

Иметалиева Ырыс Жакшылыковна – “Медиахолдинг “Пирамида” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы продюсери;

Исаков Кумарбек Саалайович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары;

Исакова Ханипахон Юлдашбаевна – Ош облусунун Араван районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун улук медициналык айымы;

Исупов Роман Вячеславович – Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин аспиранты;

Кадыралиев Канатбек Кайыпбекович – Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 44549-аскер бөлүгүнүн командири, медицина кызматынын майору;

Калчакеев Элден Муратович – коронавирустук инфекцияны өз алдынча диагностикалоо боюнча 118-түз линиясын түзүү жана жөндөө боюнча консультанты;

Кармышакова Чолпон Амановна – “ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясынын “Жаңылыктар” дирекциясынын директору;

Кебекбаева Нурайым Тууганбековна – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун вирусология жана сейрек кездешүүчү жугуштуу оорулар лабораториясынын башчысы;

Келдибаев Жеңишбек Бекмаматович – Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун анестезия жана реаниматология бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматолог врачы;

Керималы кызы Майрамкан – Бишкек шаарынын № 2 клиникалык төрөт үйүнүн башкы врачы;

Керимбаева Айнагуль Тургунбековна – Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илимий-изилдөө институтунун кардиология бөлүмүнүн башчысы;

Култаева Айгул Нурмаматовна – Бишкек шаарынын Ленин районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 13 үй-бүлөлүк медицина борборунун лаборант-врачы;

Курманкулов Арстанбек Шергазиевич – Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 34594-аскер бөлүгүнүн командири, медицина кызматынын полковниги;

Максутова Бүсайра Абдикаримовна – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2024-аскер бөлүгүнүн медициналык пунктунун фельдшери, прапорщик;

Мамытов Абдрахман Нуркамилович – Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын медициналык кызматынын хирург-врачы;

Маратов Аскат Маратович – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн № 19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, улук сержант;

Молдоматова Айчурөк Тагаевна – Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылынын жалпы врачтык практикалоо борборунун эпидемиолог-врачынын жардамчысы;

Насиров Эдуард Кашкаевич – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси;

Нишанов Жанарбек Бекташевич – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн № 20 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн командасынын начальниги, прапорщик;

Өзүбеков Жүзүр Жылкычиевич – Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

Пахридинова Гүлназ Максатжановна – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатору;

Рысалиев Жаныбек Бийбосунович – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Сокулук району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн № 23 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, улук сержант;

Стамбеков Султан Амангельдиевич – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун шишикке чейинки оорулар бөлүмүнүн онколог-врачы;

Сулайманкулов Жумамидин Канатбекович – “ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары;

Тойчиев Аскарали Туманбаевич – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Ноокат району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Көк-Жар айылдык № 104 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароолунун начальниги;

Тойчиева Хуршидахон Киргизовна – Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын жалпы врачтык практикалоо борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;

Токтосунова Жылдыз Картаңбаевна – Талас облусунун Бакай-Ата районунун жалпы врачтык практикалоо борборунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары;

Трембач Анна Анатольевна – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Түштүк региону боюнча ветеринардык диагностикалоо жана экспертизалоо борборунун тамак-аш коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Тютин Данил Александрович – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатору;

Уметалиева Джанылбубу Давлеткуловна – Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары;

Шаршембиева Каныкей Аалыевна – “Бешинчи канал” жабык акционердик коомунун атайын кабарчысы;

Эраалыева Элнура Эраалыевна – И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатору.

Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Ш. Жээнбеков