Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 27-августтан баштап мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар элчиликке кайрылбай эле билеттерди «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь», «Тез Жет» жана «Уральские авиалинии» авиакомпанияларынан түз сатып алса болорун маалымдады.

Жогорудагы авиакомпаниялардын учактары Бишкек жана Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан учуп жатышат.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы консулдуктар кайтып келиш үчүн чартердик рейстерге жарандардын тизмесин түзүүнү токтотууну чечти.

Буга чейин өкмөт Кыргызстанда пандемиядан улам бир канча убакыт иштебей турган аба майдандарынын баары күнү-түнү жүргүнчү тейлөөгө даяр экенин билдирген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстан ички жана сырткы аба каттамдарын токтоткон. Чет өлкөдөгү мекендештер чартердик рейстерде ташылып жаткан.