Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз өкүлү Руслан Изрековдун айтымында, «Актив» саясий партиясынын документтерин жумушчу топ текшерип чыгып, шайлоо күрөөсүн төлөгөнү тууралуу документти жок экенин аныктаган.

Изрековдун айтымында, жакын арада бул партияны жарыштан четтетүү боюнча маселе каралат. Азырынча «Актив» саясий партиясынын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.