Жашым 25де иштеген ишим, айдаган унаам бар. Кудайга шүгүр баары жакшы. Бирок ичимдеги бугумду айтайын деп чечтим. Балким кимдир бирөө жакшы сунуштарын, кеңешин айтса жаңилдеп калаармын. Ушул убака чейин бир баланы сүйүп келдим. Экөөбүз 4 жыл кыз жигит болуп сүйлөштүк. Жигитиме турмушка чыгаарга аз калганда ата-энем каршы болуп туруп алды. Ата-энемин тилинен чыга албай аларга деле каршылык көрсөтпөй мага жакшылык эле каалап жатат деп чет өлкөгө окууга кеттип калдым.

Чет жакта жүргөнүм менен көңүлүм жигитимде болуп, аны менен күн алыс телефондон кабарлашып, ал жайыбызды сурап жүрдүм. Былтыр гана сөздөн-сөз чыгып каттуу урушуп кеттик. 2-3 айдай такыр сүйлөшпөй, кат жазышпай жүрдүк. Бир күнү инстаграмда отурсам дос баласы сүрөт киргизип калды. Мен көргөн көзүмө ишене албай селейип катып калдым. Кыз узатуу тоюндагы сүрөттөр экен.

Ошондогу акыбалымды эч бир адамга каалабайт элем. Аябай каттуу депрессия болуп жүрдүм.
Ошентип окуумду ийгиликтуу аяктап Кыргызстанга келе бердим. Жакшы бир жумушка орношуп иштеп калдым. Бүт нерсени унутуп жаңы жашоо башталды. Бир күнү өзүбүз иштеген жерден жакшы ыймандуу бала менен сүйлөшүп жүрдүм. Бирок жакында мен күтпөгөн окуя болду. Бизге жаңы бала келиптир, сенин жердешиң экен деп коллегалар айтып жатышканына маани деле берген эмесмин.

Түшкү обде учуру болуп жигитим чалып калды, ашканага кел тамак алып койдум деп калды. Эч нерсе оюмда жок эле бара калдым, ал байкушум тамагын алып күтүп жаткан экен. Барган да көргөн көзүмө ишене албай катып калдым. «Таанышып ал бизге жаны кызматкер келди, сенин жердешиң» экен дейт. Кайдагы жердешим, «мурдагы жигитим» бет алдымда турду. Саламатсызбы деп акырын үн чыгарып нес болуп отуруп калдым.

Жигитим түшүнбөй эле ооруп атасыңбы эмне болду деп эле чыйпылыктап калды. Эч нерсе билгизбегенге аракет жасап синдим ооруп жатат үйгө барыш керек деп келе бердим. Жолдон эч нерсени карабай кетебириптирмин, бир машина аз калды сүзүп албаганыма. Ошондо өзүмө келип үйгө барып жатып калдым. Ошол күндөн баштап мурунку жигитим тынчымды алып жумуштан алдыман чыгып, түшкү тамака барсам чогуу барып жатат.

Кыздуу болгонун сүйүнчөлөп, тынбай абалымды сурап турган адат таап алды. Такыр эле кол үзүп үй-бүлөлүү адамга жолтоо болбоюн десем ички жан дүйнөм ага жол бербей жатат. Азыркы жигитим сөйкө салам деп жатат эмне кылышымды билбей калдым.