Бишкектин Свердлов райондук сотунун имаратынын алдына 100 чакты адам чогулду. Алардын арасында «Кыргызстан», «Реформа», «Чоң Казат» жана «Ата Мекен» партияларынын өкүлдөрү бар. Бүгүн, 27-августта саат 15:00дө райондук сот «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине даттанган кайрылуусун карап баштайт.

«Кыргызстан» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу документтерин Борбордук шайлоо комиссиясы кайра өткөрүп берген. Мындай чечим БШКнын 25-августтагы отурумунда кабыл алынды.

Ал эми партиянын лидери Канат Исаев комиссиянын бул чечими менен макул эместигин, чечим берилгенден кийин партия сотко кайрыла турганын билдирген.