Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренесинин 3-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, укукка каршы аракеттерди жасаган чала тааныш адамга карата мыйзамдын чегинде чараларды көрүп берүүнү суранган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча ушул жылдын август айынын башында Каракол шаарынан белгисиз адам жабырлануучунун баасы 58 000 сом турган “Айфон” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун коркутуу менен тартып алган. Аталган факты КЖБРге катталып, тоноо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жогорудагы фактыны мындан ары иликтөөгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тартылган. Тергөөнүн тапшырмасынын негизинде ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун аймагына иш сапарга чыгышып, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Каракол шаарында жашап келген мурда соттолгон А.А. аттуу жаран кармалды.

Аланган маалыматтар боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Соттун чечими менен шектүү жаран камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Иликтөө иштери жүрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы