Бишкекте шаардын борборун аралап өткөн 14 маршруттук линия алынат. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Хакимов брифинг учурунда билдирди.

Алардын ордуна жаңы автобустар кое берилет. Хакимовдун айтымында, автобустарды сатып алуу үчүн жарыяланган тендер өттү жана учурда газ менен жүргөн 100 автобустун келиши күтүлүүдө.

Алар келгенде шаардын борборунан кичи автобустар жүргөн 14 каттам алынат. Алар өз каттамын өзгөртүп, Бишкектин борбордук бөлүгүн айланып өтүшөт.

Жаңы автобустар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыңгайлуу болору айтылат.