Жаш жубайлар үйлөнүү үлпөт тоюн онлайн белгилешти

445

Дизайнер Мираххим Опош үйлөнүү тоюн көпчүлүктүн курчоосунда эмес саналуу гана жакындарынын катышуусунда тоюн белгиледи. Пандемияда карата тааныш тамырлары онлайн куттуктап, каалоо тилектерин билдиришти.

“Той болот, тойдун эртеси да болот – дегендей, өзүмө келип, каалоо тилектериңиздерге ыраазычылык билдирип жатам.
Кымбаттуларым барыңыздардын бизге берген Батаңыздарга, жүрөк жылыткан жылуу сөздөрүңүздөргө терең ыраазычылык билдиребиз. Бизге каалаган нерселерди Жараткан өзүңүздөргө да буйурсун. Кырдаалга жараша ар бириңерди жандуу жолуктуруп, кучактабасам да, Жандуу, Дэмдүү сөзүңөргө көңүл көтөрүлүп, жүрөк толкуп турган кез. Бата жана тилектерге кандайдыр бир аралык, географиялык аймактык же болбосо тилдик тоскоолдуктар эч нерсеге арзыбасын сездик. Айрымдар ZOOM тойго ийгиликтүү катышышты, кээси техникалык себептерден кире албай калышты. Бирок, ар бириңердин каалооңорду жүрөк менен сезип, туюп жаттык.
Эл үчүн, Жер эне үчүн кызмат кылуу (служение) озуйпабызды мындан ары түгөйүм, үй бүлөөм менен биргеликте эки эсе пайдалуу кылып өтөйбүз. Үй бүлөөбүздүн атынан терең ыраазычылыгыбызды жана таазимибизди кабыл алыңыздар.
Тойду мыкты деңгээлде уюштурган, жакындарыма, пир туугандарыма Гульмира Кутуева, Бермет Турсалиева, Айбек Байымбетов, Yntysh Abdyldaev Jamilia I. Jeenbaeva ыраазымын.
Атайын ыраазычылыкты Рысгүл Акимжанова эжеме билдиребиз. Online тойго сыйбай, жакындыкты билдирип, белектерин көтөрүп, эшикти тээп кирип келишти”-деди Мираххим.