Маданият министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 31-август күнү “Ала-Тоо” аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара Президенттин катышуусу менен өтөт. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен иш-чара онлайн форматта өтөт. Көрүүчүлөр чакырылбайт. Маданий массалык иш-чаралар жана элдик сейилдөөлөр пландалган жок.
Иш-чаралар республикалык телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт.
Салтанат саат 10:00 дө башталып, 11:00дө аяктайт.
Саат 22:00 дө “Ала-Тоо” аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салют атылат.