Бишкек шаарындагы акыркы күндүзгү стационар жабылды. Бул тууралуу,  Мэриянын басма сөз кызматы  билдирди.  Маалым  болгондой , шаарда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, бирок бейтаптар илдеттен айыгууда.

«Спорт ордосунда ачылган күндүзгү стационар жабылат. Медициналык жабдуулар, орундуктар жана башка инвентарлар толугу менен дезинфекцияланды», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Шаардагы күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылгандан тарта 106 миң 222 адамга медициналык жардам көрсөтүшкөн. Дарыгердер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар болуп жалпысынан 250 адам иштеген. Учурда күз-кыш мезгилине толук даярдык иштери жүрүп жатат.