Чыгармачыл чөйрөдө ар тармакта мыктылыгын көрсөтүп келген кыргыз айымдарынын жоолук салынып, бир дасторкондо баш бириктирген сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды.

Ал сүрөт теле алып баруучу, кезинде актрисалыкта өзүн сынап келген Айжан Акылбекованын Instagram жеке баракчасынан орун алган.

Сүрөттөн белгилүү теле алып баруучу, «NUR» академиясынын негиздөөчүсү Нурзат Токтосунованы, эстрада ырчысы Айпери Кубик кызын, шоу-бизнестин дагы бир өкүлү Мэри Шакулинаны, ырлары популярдуулукту жараткан Кызсайкал Кабылованы, ырчы айым Бегимай Бекбоеваны жана ырчы, журналист Жанара Атабекованы көрүүгө болот. Айжан Акылбекованын айтымында, бул дасторконго модель Айкөл Аликжанова чет мамлекетте болгондугуна байланыштуу келбей калгандыгын жазган.