Караколдогу “Жеңиш” паркына 3,4 млн сомго даараткана курулат

258

Караколдогу “Жеңиш” паркына курула турган коомдук даараткананын суммасы 3 млн 418 сомду түздү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду маалымдады.

Маалыматка ылайык аталган сумма толук чыгымдарды, кошумча керектөөлөрдү, техникалык жана эмгек чыгымдарын, ошондой эле болжолдуу кирешени камтыйт.

“Дааратканын эркек бөлүмү холл, майып эркектерге арналган бөлүк, кол жуучу жай, эркектерге тиешелүү кабиналар жана писсуарлардан турат. Ал эми аялдар бөлүмү майып аялдарга тиешелүү бөлүк, кабиналар, кол жуучу жай, тепкич жана пандустан турат. Даараткананы куруу келишими ОсОО “Чынгыз Интернэшнл Групп” менен түзүлдү”,- деп айтылат, фонд берген маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл областындагы облустук ооруканага 1 млн сомдук даараткана курулган.