Бүгүн, 28-августка карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 менен жаңы 128 бейтап катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 43 миң 587 адам катталган.

Жаңы катталгандар:

— Бишкек шаарында 18;

— Ош шаарында 3;

— Чүй облусунда 12;

— Ош облусунда 14;

— Талас облусунда 6;

— Нарын облусунда 3;

— Ысык-Көл облусунда 24;

— Жалал-Абад облусунда 27;

— Баткен облусунда 21.