Бир суткада 234 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты

Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 234 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 28-августтагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы айыккандар:

– Бишкек шаарында 104 адам;

– Ош шаарында 10 адам;

– Чүй облусунда 20 адам;

– Ош облусунда 25;

– Талас облусунда 4;

– Нарын облусунда 3;

– Ысык-Көл облусунда 22;

– Жалал-Абад облусунда 32;

– Баткен облусунда 14 адам.

Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 37 миң 726 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.

Жалпысынан 43 миң 587 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган.