Кыргызстанда короанвирус илдетине карта күрөштү токтотуп, өзүбүздү бош кое бергенге эрте. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев брифинг учурунда билдирди.

«Катталып жаткан учурлар калктын арасында коронавирус инфекциясы менен пневмониянын жайылышы уланып жатканынан кабар берет. Беткап тагынууга, аралыкты сактоого, кол жууганга жана башка санитардык эрежелерди аткарууга көңүл бурушубуз керек. Азырынча коронавируска каршы күрөштү токтотуп, өзүбүздү бош кое бергенге эрте», — деп чакырды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Эске салсак, Кыргызстанда азыркы учурда 5000ден ашык адам коронавирус илдетм менен ооруп жатат.