Буга чейин Баткен облусунда коронавирус илдети менен ооруган жарандарга медициналык жарам көрсөтүү максатында, күндүзгү стационар үчүн 133 имаратта, 1613 орун даярдалган. Бүгүн 28-августка күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анткени акыркы бир жума ичинде күндүзгү стационарга бир да жаран кайрылган эмес.

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилдерине божомолдонгон оорунун экинчи толкунунда муктаждык жаралса пайдалануу үчүн стационардагы шарттар толугу менен сакталат.