2020-жылдын 31-августунда «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин катышуусунда иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен иш-чара онлайн-форматта саат 10дон 11ге чейин өткөрүлөт. Иш-чара республикалык каналдардан чагылдырылат.

Массалык жана майрамдык иш-чаралар пландалган эмес жана өткөрүлбөйт. Саат 22:00дө «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салют атылат.