Бүгүн, 28-августа мамлекет башчысы социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктери үчүн эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар инсандарга сыйлык тапшыруу жарылыгына кол койду.

Бүткүл жашоосун, жан дүйнөсүн чыгармачылыка арнап, мукам үндүү ырчылар Гүлзат Байзакова менен Кутман Жолдошевге аталган тизмеде жок болуп чыкты. Кечээ эле сахнага кадам таштап жашы 30га чыга элек ырчылар «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» наам алышкан жайы бар.

Ал эми аталган ырчылар жашы бир топко барып калса дагы мамлекеттик бир дагы наам алыша элек экен. Коомчулук болсо бул жолу дагы наам албай калганына тынчсызданып, бир катар билдирүүлөдү калтырып жатышат.