Социалдык тармактарда “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев оппоненттерине ортоңку манжасын көрсөтүп баратат” деген сүрөт тарады.Бул тууралуу Канат Исаев билдирүү таратып, ал мен эмесмин. Менин маданиятым ага жол бербейт деген оюн билдирди.

“Калп маалымат тарап жатат. Унаадагы бала жашыл түстөгү футболкачан экени көрүнүп турат. Ал мен эмес экеним видеону тарткандар эки секунд артка түрсө эле көрүнүп турат да. Менин маданиятым андайга жол бербейт. Ал менин унаам эмес. Мен ак түстөгү унаа менен баргам. Ким унаанын алдында отуруп баратканы боюнча иликтөө жүргүздүк. Ушак тараткандар Кудайдын алдында жооп берет. Мен эмес экенимди билип туруп, калп маалымат таратып жатышат”, – деди Исаев .