Кыргызстандын жана Өзбекстандын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын Ташкент шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

«Тараптар узундугу 94,5 км келген кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү чегин сүрөттөө долбоорун  макулдашты жана бекитти. Ошондой эле макулдашылбаган 10 тилкенини бири макулдашылып жана бекитилди. Өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмелери конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго: топографиялык жумушчу топтун жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын протоколуна кол коюлду. 

Тараптар коңшу элибизди тынчсыздандырган чек ара маселесин чечүү максатында жумушчу топтордун ишин активдештирүүнү макулдашты.  Үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре жумушчу жолугушуулардын графигинин планы бекитилди. Алар ай сайын өткөрүлмөкчү», — деди өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Борубаев.