Бүгүн, 28-августа Ош облусунун губернатору Байыш Юсупов жаңы окуу жылынын башталышына карата, мугалимдерди куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

2020-2021-окуу жылына карата эң мыкты даярдык көргөндөр менен катар, мурунку жылы жакшы ийгилике жетишкендер «Жылдын эң мыктылары» аталып, Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.

Эскерте кетсек, 27- августта Ош облусунун мугалимдеринин август семинары онлайн форматта өткөрүп, анда жылдык окуу план, максаттар, талаптар талкууланып, жыйындын аягында мыктылар аталган эле. Бүгүн санитардык нормаларды сактоо менен сыйлоо аземи болуп өттү.