Бишкектин вице-мэри шаардагы учурдагы чектөөлөр тууралуу айтты

239

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева маалымат жыйында билдиргендей, 3-августтан тарта Бишкектеги айрым чарбалык субъекттердин иши, ошондой эле коомдук унаанын иштөө тартиби өзгөртүлгөн.

Шаардык жүргүнчүлөрдү ташыган транспорт (автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар) милдеттүү түрдө дезинфекциялоо жүргүзүп, таңкы 7ден 11ге чейин жана саат 14:00дөн 23:00гө чейин иштейт.

Саат 11 ден 14гө чейин жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн санитардык тыныгуу болуп эсептелет.

100 квадрат метрден ашкан соода борборлору – супермаркеттер, соода үйлөрү, комплекстер, дүкөн түйүндөрү күн сайын эртең менен 7:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин иштейт.

Кафе жана ресторандар, ошондой эле коомдук тамактануу жайлары 7:00дөн 00:00гө чейин иштейт, санитардык талаптарды так сактоо менен тамак-аш жеткирүү кызматтарына жана тамакты алып кетүүгө убакытта чектөөсүз иштөөгө уруксат берилет.

Борбор калаанын базарлары мурдагыдай күн сайын саат 9:00дөн 17:00гө чейин иштейт, бирок милдеттүү түрдө санитардык тыныгуу менен.

Бул чаралар атайын токтом кабыл алынганга чейин, башкача айтканда Бишкек шаарынын аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин колдонулат жана менчигинин түрүнө карабастан бардыгы үчүн милдеттүү болуп саналат.