Ош облусунда жүргүнчү ташыган унаалар текшерилип, кошумча орундарды жана ашыкча жүк кутучаларын орнотуп алган айдоочуларга протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 7 айында жол кырсыгынын жана андан каза болгондордун саны азайса да жол кырсыктардын алдын алуу максатында, мамлекеттик маанидеги жолдордо жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааларды текшерүү иши жүрүүдө.

«Кичи автобустар, жүк жана жүргүнчү ташуучу унаалардын багажы жана ичиндеги орундар текшерилди. Натыйжада кошумча багаж жана ичине кошумча жабдыктарды, орундарды орнотуп алгандар аныкталды. Мындан сырткары санитардык-гигиеналык эрежелерди сактабай, алыскы аймактарга жүргүнчү ташыган унаалар да текшерилди. Алардын узак жол жүрүү учурунда эмгек жана эс алуу эрежелерди сактоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айрымдарга ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан протоколдор түзүлдү.

Иш-чара 2020-жылдын 25-августунан башталган. Ал 10-сентябрга чейин уланат. 3 күн ичинде автоунааларга өз алдынча кошумча жабдыктарды орнотуп же конструкциясын өзгөртүп алган 22 айдоочу аныкталып, аларга Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 129-беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, ар бирине 3-даражадагы же 5 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды», — деди ал.