Жаңы Зеландияда жайгашкан альтернативдүү белокторду өндүрүүчү Sustainable Foods 2021-жылдан баштап курамы кара куурайды камтыган  эт өндүрүүнү пландаштырууда. Food Navigator билдиргендей, жаңы өнүм The Craft Meat Co. бренди менен сатылат.

«Биз өндүргөн азык-түлүктөрдүн көпчүлүгүндө баалуугун артыруу үчүн кара куурай бар болчу, бирок эттин жаңы түрүндө ал негизги ингредиент болуп калат», — дейт Sustainable Foods компаниясынын негиздөөчүсү Киран Рей .

Анын айтымында, жашылча этинде, малдын этине салыштырмалуу  белок көп болот. Өндүрүш үчүн компания Жаңы Зеландиялык марихуананы колдонууну көздөп жатат. Даяр өнүмдү кагаз таңгакта жеткирүү пландаштырылууда. Наркы азырынча белгисиз, бирок Рей наркы өтө кымбат болбойт деп убада кылган.

Сөз болгон эттин даамы тоок этинин даамына окшош. Адаттагыдай эле, аны кууруп, майдалап, бургерге кошуп, башка жол менен бышырса болот.