2020-жылдын 1-сентябрында саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын расмий ачылышы өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине жана Жогорку Кеңешинин Регламентинин 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталат жана кийинки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.