Менин кайрылуума туура түшүнүп түз кеңеш бересиздер деген ойдомун. Араңардан катуу айтып, жаман соз жазгандар чыгаары талашсыз, бирок  талаштан чындык жаралат эмеспи. Балким мен да өзүм үчүн  туура жол тандап алаармын.

Анда сөз башынан болсун менин жашым 35те эки балам бар. Күйөөм менен 3 жыл мурда ажырашып кеткенбиз, кудайым мага күөөдөн айтпаса керек,  жолум болбоду экинчи турмушум да болбоду. Азыр шаарда турам жумушум бар өзүм иштеп багам балдарымды. Кээде чынында жанымда күчтүү эркек болушун каалайм. Көптөн бери бир жигит менен сүйлөшүп жүрөм телефондон, фейсбуктан тааныштык,  ал бойдок окууну бутту, жакшы жерге жумушка кирди, шаарда там салды. Жашоого керек болгон баардык муктаждыктарын камсыздады, бирок канча жолугушууга чакырбасын барбай качып жүргөм. Ошол бала га жакында жолуктум эми мага үйлөнөм турмушка чык деп менин айламды кетирип жатат эмне кылаарымды билбей калдым балдарымды аябай сыйлап жакшы көрөт.  Бирок, мени токтотуп кармап турган жагдай, ал менден 10 жашка кичүү бирок өтө акылдуу ичпеген чекпеген бала. Мени сүйүп калганын күндө айтат качпачы деп жалдырайт. А мен эмне кылышты билбейм ойлонуп бүтө албай койдум.  Ал өзү жаш болсо, бир күнү жашыраак кызды таап кетсечи, чынында балдарымды өзүм эле багып келем, кээде кыйналганда, турмуштун сыноолору сындыра чапканда, жанымда жөлөгүм болсо, сүйөнөөр бир адам болсо деп ыйлап алам. Бул жигиттин жаштыгын аяп турам,  азыр көп нерсени аңдап биле бербей жармашып жатсачы? Ким билет, балким чындап мага боору ачып жардам бергиси келип жаткандыр, келечекте балалуу аялга үйлөндүм деп өкүнүп калсачы? Кеңеш бериниздерчи…