Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер
коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаары – 1;
Жалал-Абад облусунда – 2.
Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй
карантининен 11 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган
медициналык кызматкерлер арасында – 3126 учур катталды. Алардын ичинен 2440 медкызматкер айыкты.