Парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы айрым талапкерлердин документтерин фальсификациалоо жолу менен тапшырган.

Бул тууралуу партиянын республикалык штабынын жетекчиси А.Мадумаровдун эӊ жакын адамы Динимухаммед Ыбрайымов “коом.пресс” сайтына маек берип жатып билдирди.

Ал, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын катарынан 23-августа чыгып кеткен. Буга чейин, 10 жыл аралыгында партиянын активдүү мүчөсү, кийин республикалык штабдын жетекчиси катары иштеп келген. Кетүү себептери, акыркы убакта Мадумаровдун өзгөрүп кеткени, мурдагы партиялаштарын унутуп, акчалуу адамдарды тизмеге киргизип алганы, мындан тышкары талапкерлердин тизмесинин документтерин фальсификациялоо жолу менен БШКга тапшырганы, Ыбрайымовдун партиядан чыгып кетишине себеп болгон.

Ал, партиядагы таасирдүү адамдардын бири эле эмес, Адахан Мадумаровдун уулунун өкүл атасы болуп, үй-бүлөлүк дагы катнашта болушкан.