Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынын документтерин артка кайтаруу боюнча чечим мыйзамдуу жана негиздүү болгон деп эсептейт.

Буга байланыштуу БШК Бишкек шаардык административдик сотунун чечими менен макул эместигин билдирди. Ал эми 28-августта Жогорку сотко кассациялык арыз менен даттанган.

Мыйзам боюнча Боршайкомдун арызы үч күндүн ичинде каралып, чечим чыгышы керек. Ошону менен талашка чекит коюлат.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августта “Кыргызстан” партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого к атышуудан четтеткен. Буга документти БШКга “Кыргызстандын” ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени негиз болгон. Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт. Ал эми аталган партиянын өкүлү Эльвира Абелдинова жагдайды өзү ооруп калганы менен түшүндүргөн.

Партиянын жетекчилери мындай чечимге макул болбой Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. Ишти 27-августта судья Чолпон Досманбетова карап, БШКнын чечимин жокко чыгарып, “Кыргызстандын” пайдасына чечип берген.