Кечээ, 28-августта эртең мененки «Кел, Чай Ичели!» Шоусунун алып баруучулары түз эфирде  урушуп кетишти.

 «Өз ордуңду бил!» Деген сөздөрдөн кийин алып баруучу Сезим Имаммадиева @sezima_sher өзүн токтото албай, кесиптеши Илим Артылбековго суу куюп, студиядан чыгып кеткен.

Берүүнүн коногу ырчы Назел мындай бурулуш күтпөгөндүктөн эфирди клип менен бүтүрүшкөн.

 Кесиптештеринин айтымында, эртең менен бардыгы жайында болуп, эмне үчүн түз эфирде урушканы белгисиз. Азыр алып баруучулардын ортосунда келишпестиктер болуп жатат.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары бул жөн гана «пранк», атайын уюштурулган пиар деген пикирлерин калтырышууда.

https://www.instagram.com/p/CEdqqVDp6tT/?igshid=mu195d4sc157