Кытайлык жигиттин мээсинен узундугу дээрлик 13 сантиметр болгон тирүү курт алынды. Мите жигиттин башында дээрлик 17 жыл жашаган деп жазат Daily Mail.
23 жаштагы
жигит алты жашынан баштап буту-колу катып калганын айтат. Ал акыры денесинин оң
жагынын жогорку бөлүгүндө сезгичтикти жоготкондо гана медициналык жардамга
кайрылган.
Дарыгерлер митенин организмге кириши экзотикалык чийки эт жегенден келип чыккан
деп божомолдошкон — мисалы, бака же жылан. Кытайлык адам ошондой эле, бала
кезинде ата-энеси анын ден-соолугуна байланыштуу нааразычылыктарын ар дайым
көңүл сыртында калтыргандыгын айтты. Ошондуктан, ал өзүнүн ыңгайсыздыгын
генетикалык оорунун көрүнүшү деп эсептеп, эч качан дарыгерлерге кайрылган эмес.