Украина Беларуссия менен болгон бардык дипломатиялык байланыштарды токтотту жана алар Киев үчүн  саясий жана моралдык басымды токтоткондо гана, аларды калыбына келтирүүгө даяр, деп билдирди Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Euronews маалымат агенттигине берген маегинде Лукашенко кайрадан шайлоо өткөрүшү керек деген оюн  билдирген.

Эки күндөн кийин Александр Лукашенко муну «дипломатиялык согуш» деп атады.

«Дипломатиялык кыргын бизге каршы башталдыбы? Ал башталды. Жогорку деңгээлде. Беларуссиядагы кайра шайлоолор жөнүндө түптөлө элек коңшулар гана ачык айтып, биздин ишибизге кийлигишип жатышат. Бул алардын шайлоого карата көз карашы. Бирок алар ансыз деле Беларуссияга кысым көрсөтө башташты. Дипломатиялык согуш жүрүп жатат ”, — деди Лукашенко.