Биринчи май райондук сотунун чечими менен Даниел Ажиев Жаңы-Жер айылындагы психикалык диспансерге дарыланууга жиберилди. Бул тууралуу  маалыматты Ажиевдин жакындарына таянуу менен  «Азаттык» жазып чыкты.

Алардын айтымында, тергөө алкагында милиция Ажиевдин психикалык саламаттыгын соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылган. Экспертиза «Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж» деген корутунду чыгарган. Ага байланыштуу учурда Ажиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, экспертизанын корутундусу сотко берилген.

Бул маалыматты Ажиевдин адвокаты Таалайкүл Токтобекова төгүндөгөн да, ырастаган да жок. Бул боюнча эч кандай маалымат бере албасын айтуу менен чектелди.

Эске салсак, Ажиев быйыл март айында «Инстаграмдагы» баракчасына видео жарыялап, элге жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөндөн кийин Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча шектүү катары кармалган.

Булак: Азаттык