Кара-Суу районунда карыяны сабады деп шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Ал киши күнөөсүн мойнуна алган.

«Шектүүнүн айтымында, ал Кыдырыша айылына Савай каналындагы сууга түшүү үчүн келген. Бирок дүкөнгө барып, ал жерде арак ичип, андан кийин эмне болгону эсинде жок», – деп билдирет мекемеден.