Бул окуя Италиянын Флоренция шаарында болгон. Карыянын пенсионерди караган жардамчысы болгон.  Бирок ал эки күн келбей калган. Ал эми кемпир   башка шаарда жашаган уулунан жардам сурап баласын убарага салгысы келбейт.

Ал өзүнө кечки тамак жасоого аракет кылган, бирок жасай алган эмес. Анткени анын колу ооруп, аябай чарчагандыктан, кечки саат сегиздер чамасында 113кө (ИИМдин тез жардам номери) чалган.

 Полиция кырдаалды түшүнүп, эки  кызматкерин карыянын үйүнө жөнөтөт.  Алар чоң апага помидор соусу менен равиоли даярдап, анын тамактануусуна жардам беришкен.

Бул окуя социалдык тармактарга тарап, интернет колдонуучулардын колдоосуна арзып, полиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришкен.