1-сентябрдан тарта Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга келе алышат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.


Коңшу республика COVID-19 эпидемиологиялык абалы туруктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгендиги такталды, ошондуктан өзбектердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жол ачылды.

Буга чейин республикалык штаб жарандары Кыргызстанга кире алган өлкөлөрдүн тизмесин атаган. Тизмеге коронавирустук инфекция учурлары азайган жана эпидемиологиялык кырдаал турукташкан мамлекеттер кирген.

Мындан тышкары, бийлик чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсүн жеңилдетти.