Бул күн тарыхта Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясын кабыл алган күн. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Бул датага байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Бул ирет жүрүп жаткан пандемиядан улам баш калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилбейт. Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан бир сааттык расмий бөлүк телеканалдарда түз ободо көрсөтүлөт.

Салтанат түнкү саат 10:00 салют менен жыйынтыктала турганын шаар мэриясынан билдиришти.