Индиянын Дели шаарынан Кыргызстандын 64 жараны кайтып келди. Аларды «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясы 30-августта Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирген.

Бул каттам Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында президент жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.