Кылмыш-кырсык

Чыдамы жок айдоочу жолдон өтө жай өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү атып өлтүрдү

Алабама штатындагы Юнион Спрингс шаарында (АКШ) чыдамы жок айдоочу жолдон өтө жай өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү атып өлтүрдү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Окуя бейшемби күнү, 27-августта кечинде болгон. 22 жаштагы Жереми Уэсли Пенн тамак-аш алуу үчүн унаасын айдап бараткан. Жолдо 29 жаштагы жөө жүргүнчү өтүп бараткан. Айдоочуга ал адам өтө жай басып бараткандай сезилип, чыдамы түгөнүп, тапанчасын алып, жөө жүргүнчүнү сегиз жолу атып, андан кийин көздөн кайым болгон.

Кийинчерээк ок аткан жаран укук коргоо органдарына багынып бергени белгилүү болду. Азыр ал киши өлтүрүү боюнча айыпталып камакта отурат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button