Урматтуу мекендештер!
Сиздерди бүгүнкү Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Туулган жерибизди ар бирибиз ыйык тутуп, анын өсүп-өнүгүшү үчүн кайсыл тармакта болсо да өз салымыбызды кошуу, атуулдук парзыбыз деп билемин. Бул күндүн баа-баркын биз терең билүү менен эл-жерибиздин эгемендүүлүгүн сактоо, мамлекетибиздин биримдигин, ынтымагын чыңдоо колубуздан келген иш.

Баарыңыздардын үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, сак-саламатчылык, ыйман-ырыскы, узак өмүр каалаймын!

Ар бир үй-бүлөдө, мекеме-уюмда, зор ийгиликтердин жаралышына тилектешмин!
Качан гана кимибиз болсо да өз ишибизде ийгиликтерди жаратканда гана, ден соолукта болгонубузда гана мекенибизде, ыйык журтубузда алга жылуу болот. Андыктан баарыңыздардын маанайыңыздар жарык болуп, ар бир үй-бүлөдөгү бала-чака, ата-эне айтор телегейи тегиз сак-саламатчылыкта болушсун! Алла таала баарыбызга эң башкысы ден соолук, молчулук, токчулук, адамдык ыйман-ырыскы тартуу кылсын. Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун!

Сиздерди терең урматтоо менен Замирбек Осмонов