«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктайм.

Бүгүн — биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн.

Көз карандысыздыгыбыз — эң ыйык дөөлөтөбүз, эң бийик сыймыгыбыз.

Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз.

Эркиндигибиз — ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз.

Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз.

Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Быйыл, эгемендиктин жыйырма тогузунчу жылын, жалпы дүйнөнү каптаган пандемиянын учурунда белгилеп жатабыз.

Шартка жараша, жыл башында пландалган салтанатуу иш-чаралар болбой калды.

Эгемендүүлүк — бул эркин мамлекетте жашап жаткан эркин адамдардын — ар бирибиздин ички сезимибиздеги салтанат.

Биз бүгүн эгемен журт экенибизди ошол сыймык менен белгилеп жатабыз.

Урматтуу мекендештерим!

Жалпы дүйнөнү алдастаткан пандемия биздин мамлекетти да чоң сыноого туш кылды.

Кыйын күндөрдү өткөрдүк.

Бирок биз күрөштү тынбай уланттык.

Кол куушуруп, мүңкүрөп отуруп калган жокпуз.

Бул апааттан кутулуу — мамлекеттик бийликтин аракетинен гана эмес, коомдун биримдигинен жана жоопкерчилигинен көз каранды экенин көрдүк.

Биздин саламаттык сактоо системабыз менен экономикалык дараметибиз гана эмес, элибиздин ынтымагы да чоң сыноодон өттү.

Саламаттык үчүн болгон кармашта элибиз өзүнүн сабырдуулугун жана кайрымдуулугун көрсөттү.

Биз, Кыргызстан эли, коомдук тилектештикти туу туткан журт экенибизди бышыктадык.

Мына ушул күрөштүн жүрүшүндө ынтымак баарынан кымбат экенине дагы бир ирет ынандык.

Биздин элде „алам“ дегенден, „жардам берейин“ дегендер көп экенин көрдүк.

Дээрлик баардыгыбыз жардамга муктаждарга колубузду сундук.

Бүгүн биздин арабызда мына ушул күндөрү чоң күчкө айланган ыктыярчыларыбыздын эң кенжелери отурат.

Көзгө көрүнбөгөн душманды жеңүүгө кыялындагы жактырган буюмун алууга топтогон каражатын берген ушул балдарыбыздын келечеги кең болсун, тилектери ишке ашсын.

Кыргызстаныбыздын татыктуу уул-кыздары болуп чоңоюшсун.

Улутубуздун көөнөрбөс духу, ата-бабалардын руху жаңы тарыхта да татыктуу жашап жатканын жаштарыбыз далилдеди.

Дарыгерлерибиз, тартип сакчыларыбыз, аскерлерибиз, ыктыярчыларыбыз, ишкерлерибиз тикеден тик туруп, элдин өмүрүн жана саламаттыгын коргоого жан үрөп салым кошту.

Бүгүн жалпы элибиздин атынан баарыңыздарга терең ыраазылык билдирем!

Тилекке каршы, айрым мекендештерибизден, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө опол тоодой эмгек кылган инсандарыбыздан айрылдык.

Алардын ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Кудай буюрса, азыркы күндө бул илдетти толук жеңбесек да, басаңдады.

Бирок, кырдаал дагы деле кооптуу бойдон калууда.

Кайгылуу күндөрдү артка калтырып, кадимки жай турмушту калыбына келтирүү үчүн болгон күрөштү тынымсыз улантып жатабыз.

Ынтымакта болсок, бул апаатты, аны коштогон экономикалык кыйынчылыктарды сөзсүз жеңебиз.

Жакынкы беш жылга иштей турган парламентке депутаттарды шайлоону ачык-айкын өткөрөбүз.

Урматтуу мекендештерим!

Эгемендик жылдары баарыбыз тең чоң сыноолордон өттүк.

Өлкөбүз дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган тарыхый окуяларды башынан кечирди.

Кыргызстан өзүнүн мамлекеттүүлүгүн, эгемендигин сактап кала алабы деген суроо коюлган күндөр өттү.

Кудайга шүгүр, өзүнүн тарыхый орду, көз карандысыз мамлекети бар журт катары дүйнө коомчулугуна таанылдык.

Бизди эмне сактап келди?

Көп улуттан ширелген, ынтымакты бийик тутуп, достукту кастарлаган кайратман элибиз!

Кыйын кезеңде „бир муштум“ болуп бириге алган калкыбыз!

Тарыхы терең улуттук маданиятыбыз!

Кадырман аксакалдарыбыз!

Мээримдүү энелерибиз!

Билимдүү жана патриот жаштарыбыз!

Улутум кыргыз, урааным Манас деген улуу салтыбыз!

Урматтуу мекендештерим!

Ата-бабаларыбыз тагдырдын кыйын кезеңдерин татыктуу көтөрүп, далай сыноолордон намыс менен өткөн.

Биз азыр татаал сыноону баштан кечирип жатканда ошол көөнөрбөс көрөңгөдөн кубат алабыз.

Ар намысыбызды бийик кармап, чыйралабыз.

Эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары — көз карандысыздыкты коргоо, чыңдоо, бекемдөө –у ар бирибиздин ыйык милдетибиз!

Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок.

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Эгемендүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун!

Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештерим!»