Бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 78 адамдан аныкталды

Өлкөдө бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 78 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан маалымдашты. 

Жаңы учурлар: 

– Бишкек шаарында – 18

– Ош шаарында – 1

– Чүй облусунда – 10

– Ош облусунда – 6

– Талас облусунда – 2

– Нарын облусунда – 4

– Ысык-Көл облусунда – 14

– Жалал-Абад облусунда – 11

– Баткен облусунда – 12

Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 43898ди түздү. 

Ал эми өлкө боюнча жалпы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 261 адамды түздү. Айыгып чыккандардын жалпы саны 38 миң 492 учурду түздү.