Гейлер, же кызтекелердин маданияты Россияга Батыштан келген деген түшүнүк өкүм сүрөт. Бирок, илгерки өткөн кылымдагы, ал түгүл андан мурдагы жүз жылдыктагы антропологдордун изилдөөлөрүн карап көргөнүбүздө, эркек менен аял “табияттан” бири-бири үчүн жаралганына өтө чоң күмөн саноо пайда болот. Көрсө, кээ бир салтташкан коомдордо, анын ичинде Россияда дагы өтө ийкемдүү гендердик система болуптур, деп жазат “Национальный акцент” журналы.

Кызтеке шамандарже чукоткалык эркектер кантип күйөөлүү болушат

Сибирдин түндүк-чыгышындагы чукоткалыктар төрт гендерди кабыл алышкан:

-гендер боюнча эркектерди (жыныстык көз караш жагынан эркектер);

-гендер боюнча аялдарды (жыныстык көз караш жагынан аялдар);

-гендер боюнча аялдарды (жыныстык көз караш жагынан эркектер);

-гендер боюнча эркектерди (жыныстык көз караш жагынан аялдар).

“Жынысын алмаштырган эркек не’учика – “назик эркек”, же  “аял сымал эркек” деп аталат, а жынысын алмаштырган аял ка’чикичека”, – деп жазган орус  этнографы Владимир Богораз XIX кылымдын аягы ХХ кылымдын башында.

Көптөгөн изилдөөчүлөр жана саякатчылар өз эмгектеринде Сибирдин түндүк-чыгыш бөлүгүн туракташкан “башка жыныска өтүшкөн” шамандар туурасында жазышкан. Башка жыныска өтүү боюнча шамандардын  кереметтүү практикасы чукча шамандарынын салтына кирип, “арбактын  буйругу менен” жаш сыйкырчылардын арасында ишке ашкан. Арбактын аянына дуушар болгон эркек, акырындап чачын аялдардыкындай кылып өзгөртүп, ургаачынын киймин кийип, аялдын жумушун жасап, сүйлөө манерасы да аялдыкындай болуп калган. Анын мүнөзү аялдыкындай стереотиптүү манерага өтүп, кээде кадимкидей ушак айтышып, балдарды багып, жоокердик духун жоготуп, ал түгүл өзүнө күйөө да таап алган. Бирок шаман өз атын эркектики бойдон калтырып койгон. Мындай үрп-адат коряктарда, ительмендерде, эскимостордо, алеуттарда да өкүм сүргөн.

Бирок “башка жыныска өтүү” массалык тенденция болуп саналган эмес, ошону менен бирге эле эч кимди шок да кылган эмес.  

Этнограф Богораз үч миң колымалык чукоткалыктардын ичинен башка жыныска  өткөн беш гана эркекти таап чыккан. Ал эми аялдардын эркекке айланган учурунан эки гана мисал таба алган.

“Башкага айланган” эркектин статусу кадимки аялдын абалынан айырмалынап турат. Чукотканын макалында “Эгер сен аял болсоң унчукпа!” дейт. Ал (“өзгөргөн”) өз пикирин айтууга укуктуу, а айлана-чөйрө анын талабын кыңк дебестен аткарууга тийиш болгон. “Жумшак” эркек (башка жыныска айланган шамандар ушинтип аталган) толук маанисинде аял болгон эмес. Ал, кандайдыр бир өткөөл абалда жашаган.

Гендерин алмаштыруу карама-каршы жыныстык тарапка окшошуу  дегенди билдирген эмес. Ал, биринчи кезекте кош жыныстуулукка (кызтеке) умтулууну, башкача айтканда адамдык жетилүүнүн жогорку чеги дегендикти түшүндүргөн.

Чукчалар эмне үчүн эрккаляольтэлерден коркушат

Жынысын өзгөрткөндөрдөн өтө коркушкан, аларды аябай күчтүү табыптар деп эсептешкен. Аларды шылдыңдап күлө турган болушса да, шыбырап гана сүйлөшкөн. Этнограф Богораз өзүнүн эмгектеринин биринде Чукотканын жомогунан үзүндү келтирген: “Тигиге (жынысын өзгөртүп, аялга   айлангага – ред.) баам таштап, анын бир тууганынын аялы: Мынабул аялдын дамбалын кийген неме анча деле пайда алып келбейт го, -деп шылдыңдаган. “Аялга айланган эркек” бул сөзгө катуу сынып, таарынып коряктардын жерине кетип калат да, алар менен кармашып, көбүн жеңип, бугулардын оторун тартып алат. Андан соң ал кайра өзүнүн турагына кайтып келип, туугандарына: Көрдүңөрбү, аялдын дамбалын кийген адамдын колунан эмне келээрин, -дейт”.

“Чукчалар эрккаляольтэлерди (аял киймин кийген, көпчүлүк учурда  конкреттүү түрдө аялзатынын милдетин аткарган эркектер) урматташат, а тагыраак айтканда алардан коркушат, анткени алар адамга коркунучтуу оору алып келгенге, аны чарбасынан ажыратканга  жана да толгон-токой жамандыктарды жасаганга жөндөмдүү деп эсептешет”, – деп бышыктаган, өз эмгегинде орус этнграфы Николай Гондатти.

Орус  этнографы Лев Штернберг, шаман эместердин арасында да башка жыныска “өтүү” учурлары бар экенин жазган. Мисалы, андайлар оорудан айыккандан кийин ага болгон карызын төлөө ирээтинде башка жыныска “өтүшкөнү” Алясканын жана Амур дайрасынын нивхилеринин арасында кездешкен. Окумуштуу, арбактар аялы, үй-бүлөөсү  – бар эркекке оорудан айыкканыңдын акысы үчүн аял катары жашайсың деп буйрук берген учурун эмгегинде мисалга келтирген.

Булак: Абал кж