Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргыз элин көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо өлкө башчылары өлкөгө өсүп өнүгүүнү жана ортодогу стратегиялык, көп пландуу кызматташтык акыркы жылдары дээрлик жаңы деңгээлге көтөрүлгөндүгүн баса белгилешкен.

«Соода, өнөр жай, транспорт жана байланыш, айыл чарба, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү биздин конкреттүү долбоорлорубуз менен биргелешкен программаларыбыз толук кандуу ишке ашырыларына ишенем. Албетте, урмат-сыйга, ак ниет коңшулукка жана өз ара колдоого негизделген биздин достук кызматташтыгыбыз бир тууган элдерибиздин бактысы үчүн мындан ары да өнүгүп-өсө берет», — деп айтылат Шавкат Мирзийоевдин куттуктоо телеграммасында.

«Сизге чын жүрөгүмдөн бекем ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишиңизге ийгилик, ал эми боордош Кыргыз элине — бейпил асман, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм. Көз карандысыздык жылдарында Кыргыз өлкөсү мамлекеттик курулушта, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоодо жана эл аралык чөйрөдө өзүнүн аброюн чыңдоодо маанилүү өзгөрүүлөргө жетишти. Биз жакынкы коңшубуздун мындай жетишкендиктерине абдан кубанабыз жана кыргыз-тажик достук алакаларынын жана элибиздин жыргалчылыгы үчүн көп тараптуу кызматташтыкты ырааттуу бекемдөөгө жана кеңейтүүгө өзгөчө маани беребиз», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоо телеграммасында.

«Түркмөнстан элинин жана өкмөтүнүн, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө байланыштуу сизге жана боордош Кыргыз элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоо-тилектеримди жолдоп жатам. Сиздердин өлкөңүздөрдүн көз карандысыздык жылдарында жетишилген саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү ийгиликтерин, ошондой эле биздин боордош өлкөлөрдүн ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлде өнүгүшүн кубануу менен белгилеп кетким келет. Кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстандын мамлекеттер аралык диалогду мындан ары да кеңейтүүдөгү жана тереңдетүүдөгү туруктуу бир пикири эки элдин кызыкчылыгына жооп берерине бекем ишенем», — деп белгиленген Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоо телеграммасында.